Түлөбаев: Автопаркка зыян келтирип, маршруткалардын айнегин сындыргандар жоопко тартылат
RU

Түлөбаев: Автопаркка зыян келтирип, маршруткалардын айнегин сындыргандар жоопко тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-январда борбордук мэриянын жыйын өтүүчү залында мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев маршруткаларды иштеткен менчик фирмалардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, жолугушууда кайрадан жол кирени этап-этабы менен жогорулатуу маселеси талкууланды.

Маршруткачылар тарифти 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты. Мэрдин м.а. азырынча, жок дегенде маршруткаларды 15 сомго чейин, ал эми автобус менен троллейбустарды 10 сомго чейин жогорулатууну сунуштады. Пенсионерлер жана балдар 8 сом төлөшөт.

Түлөбаев шаардыктар, айдоочулар, муниципалитеттин кызматкерлери жана жүргүнчүлөрдү ташуучу менчик фирмалардын жетекчилери жолугушуп, борбор шаардын транспорт системасындагы реформаларды талкулай турган кеңеш түзүүнү буюрду.

Андан тышкары, шаардын жетекчиси менчик фирмалардын ээлеринен бирден өкул тандап, эффективдүү иш алып баруу үчүн Түлобаевдин кеңешчиси кылып дайындоону суранды, деп билдирүүдө жазылган.

Фирмалардын жетекчилеринин айтымында, үчүнчү жактар айдоочулардын забастовкасын уюштуруп, коллективдин ичиндеги кырдаалды курчутуу аракетин көрүшкөн.

Автопарктарга зыян келтирип, маршруткалардын айнегин сындырып, дөңгөлөктөрдүн желин чыгаргандар мыйзам алдында жоопко тартылат, деп Түлөбаев кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/465