"BYPOL" уюмунун иликтөөсү: Бакиевдер баш калкалоосу үчүн Лукашенкого $1,6 миллион беришти
RU

"BYPOL" уюмунун иликтөөсү: Бакиевдер баш калкалоосу үчүн Лукашенкого $1,6 миллион беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бакиевдердин үй-бүлөсү кеминде 1,6 миллион долларды Беларустун президенти Александр Лукашенкого патронат үчүн пара катары өткөрүп беришкен.

"BYPOL" уюму Белоруссия Президенти Александр Лукашенкого пара берген адамдар тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялады. Иликтөөнүн жүрүшүндө Бакиевдер тууралуу да сөз болгон. Бул тууралуу BYPOL уюмунун иликтөөсүндө айтылат. BYPOL Белорус бийлигине каршылык көрсөтүү үчүн мурунку күч структураларынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн.

Иликтөөдө айтылгандай, Кыргызстандын мурдагы Президенти, революциядан кийин үй бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Курманбек Бакиевдин келини, башкача айтканда Максим Бакиевдин аялы Айжан Кененбаеванын атынан Лукашенкого жалпы суммасы 1,6 млн доллар болгон транспорт каражаттары белекке берилген.

"Кызык, эмне үчүн башка бирөөнүн аялы картаң паракорго мынча ыраазы болуп жатат? Албетте Бакиевдердин үй бүлөсүнө баш калкалоого уруксат бергени үчүн. Себеби алар эл аралык издөөгө алынган. Бишкектин расмий каттарына карабастан Минс Бакиевдерди Кыргызстандын сотуна өтуөрүп берүүдөн баш тарткан", - деп иликтөөдө айтылат.

Күч структуралары белгилегендей, Бакиевдер келгенден бери Лукашенконун автопаркында Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard унаасы пайда болгон. Бул унаа 1 млн 400 миң еврого бааланат.

Андан тышкары Кененбаеванын атынан 2018-жылы чыгарылган "Харлей Дэвидсон" мотоцикли берилген. Бул мотоцикл 26,5 миң долларга бааланат.

Бакиевдерден берилген паранын жалпы суммасы 1,: млн доллардан кем эмес.

BYPOL белгилегендей бул так сумма эмес, анткени Бакиевдерден берилген паранын көлөмү жана саны мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4665