Кара-Кечеге барган айдоочулар нааразы. Көмүр айрымдарына гана берилүүдө (видео)
RU

Кара-Кечеге барган айдоочулар нааразы. Көмүр айрымдарына гана берилүүдө (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Кара-Кече көмүр кенинде тартылган видео жайылтылууда. Айдоочулардын айтымында, аларга көмүр жүктөөгө уруксат берилбей жатат.

"Мына элдер чогулуп алып, кайрадан бунт кылып атат. 15не чейин кайрадан көмүр жок деп атат. Биз ызы-чуу кылып жатабыз. Жапсаңар толук жапкыла, жаппасаңар ачкыла деп. Садырга (айдоочулар президент Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде Бишкекке көмүрдү 3000 сомдон алып келип жатышат - kaktus.kg ред.) жүктөйбүз дейт, мындайларга жүктөбөйбүз, 15не чейин жок дейт. Мына ызы-чуу болуп атат. Эмне кылабыз билбейм", - дейт видеонун автору.

"Кыргыз көмүр" ААКтын басма сөз кызматы кырдаалга комментарий берди.

"Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Көмүр беш күндөн кийин же бир жуманын ичинде бериле баштайт. Бирок ТЭЦке көмүр тынбай жеткирилүүдө", - деп компания түшүндүрдү.

Андан тышкары, Бишкек үчүн 3000 сомдон сатуу үчүн да көмүр үзгүлтүксүз жеткирилүүдө, деп компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4668