2020-жылы Кыргызстанда төрөлүү 2019-жылга салыштырмалуу 9% га төмөндөгөн
RU

2020-жылы Кыргызстанда төрөлүү 2019-жылга салыштырмалуу 9% га төмөндөгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жыл кыргызстандыктар үчүн татаал болду. Бирок, буга карабастан өткөн жылдын 12 айында Кыргызстанда 158 174 ымыркайдын туулганды катталды. Мындай маалыматты КРдин Мамлекеттик каттоо кызматы таркатты.

2019-жылы республика боюнча 173 601 наристе төрөлдү деп катталса, 2020-жылы ага салыштырмалуу 15 427 балага аз төрөлүп, 158 174 баланын жарык дүйнөгө келиши каттоого алынган.

Ал эми өлүм фактысы 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу көбүрөөк катталган. 2019-жылы - 33 317 адам, 2020-жылы - 40 001 адам. Бул 6684 каттоого көбүрөөк.

Маалымат үчүн: "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, баланын туулгандыгы тууралу арыз бала төрөлгөн күндөн бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/466