Президенттердин каргышы. Бардык кыргыз президенттер 61ге чыкканда бийликтен кетишкенби?
RU

Президенттердин каргышы. Бардык кыргыз президенттер 61ге чыкканда бийликтен кетишкенби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери бардык президенттер өзүнүн кызматынан 61 жашында кеткен деген сөз коомчулукта кеңири айтылат. Бир нече саясий кризистин фонунда "61" деген эреже өзүнөн-өзү пайда болгондой. Аны "Кыргыз президенттеринин каргышы" деп да атап коюшат. Ал эрежеге ылайык, президенттик кызматка келгендердин бардыгы 61ге чыкканда кетишкен. Кызыгы бул эреже беш жолу ишке ашты.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 1944-жылы туулган. 2005-жылдын март айындагы революциядан кийин президенттик кызматынан баш тарткан. Ал кезде Аскар Акаев 60 жашта болчу.

Кийинки президент - Курманбек Бакиев - 1049-жылдын 1-августунда туулган. Ал 2005-жылы президент болуп, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кетип, 15-апрелде отставкага кеткендиги тууралуу документе кол койгон. Ошол учурда Бакиев 60 жашта болчу.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 1950-жылдын 23-августунда туулган. Роза Отунбаеванын бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүү инаугурациясы 2011-жылдын декабрь айында болгон. Роза Отунбаева ал кезде 61 жашта болчу.

Алмазбек Атамбаев 1956-жылдын 17-сентябрында туулган. 2017-жылдын 24-ноябрында президенттик инаугурация өтүп, Атамбаев креслосун Сооронбай Жээнбековго бошотуп берген. Пенсияга чыгып жаткан президент 61 жашта болчу.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында туулган. 2020-жылдагы октябрь окуялардын фонунда президенттик посттон кетүүгө аргасыз болду. Ал дагы ошол кезде 61 жашынын тамагын ичип жаткан. Бир айдан кийин ноябрда 61ге чыкты.

Кызыгы, атактуу астролог Соломон Соловьев 2017-жылдын жаз айларында президенттик жарышка түшкөн фавориттердин кимиси бийликке келбесин (кеп Бабанов менен Жээнбеков жөнүндө болуп жатат) кыска мөөнөткө гана бийликте болот дегени бар.

Ал эми учурдагы президент Садыр Жапаров кечээ, 6-декабрда 53 жашка чыкты. Анын ыйгарым укугу 2026-жылдын январь айында бүтөт. Бирок ал кийинки мөөнөткө да калышы толук ыктымал. Жаңы конституцияга ылайык анын экинчи мөөнөткө отурууга мүмкүнчүлүгу бар. Эгер ал кийинки президенттик шайлоону утуп, экинчи мөөнөткө шайланса, анда 2031-жылга чейин Кыргызстанды башкарат. Бирок 2029-жылы 61 жашка чыгат экен.

Белгилей кетчү жагдай, "61 эрежеси" - бул мыйзам ченемдүүлүк же саясий салт эмес. Бул жөн гана феномен же дал келишкендик. Кандай болбосун кокустуктар акыры бүтөт. Келечекте президенттер өз кызматында 61 жашка жетпей же андан ашык деле отурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4672