Дүйнөдөгү эң көп алкоголь ичүүчү өлкө аталды
RU

Дүйнөдөгү эң көп алкоголь ичүүчү өлкө аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баңгизаттар жана алкоголдук глобалдык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Австралия дүйнөдөгү эң көп ичүүчү өлкө деп таанылды, деп билдирет Daily Mail.

Изилдөөлөргө ылайык, 2021-жылы австралиялык тургундар орточо 27 жолу мас болушкан, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп. Австралиялыктар жумасына орто эсеп менен эки жолу ичишет.

Ичкен алкоголдун көлөмү боюнча рейтингде экинчи орунду Дания, үчүнчүнү Финляндия ээледи. Улуу Британия менен Америка Кошмо Штаттарынын жашоочулары да дүйнөдөгү эң көп ичкен беш өлкөнүн катарына кирген.

Ирландиялыктар ичкени үчүн эң көп өкүнгөндүгү белгиленет - болжол менен төрттөн биринде. Сурамжылоого катышкандардын өкүнүчүнүн эң кеңири тараган себеби "өтө көп жана өтө тез ичкен" деген жооп болуп, ал добуштардын 49 пайызын алган.

Алкоголдук ичимдиктерди тез-тез ичип турган өлкө болуп Франция аталды. Аталган мамлекеттин тургундары бир жылда спирт ичимдиктерин ичкен күндөрүнүн саны 132ден кем эмес экенин моюнга алышты. Экинчи орунда Жаңы Зеландия – 120 күн, андан кийин Нидерланды - 112 күн.

Алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн эң көп себеби COVID-19 жана пандемия болгон. "Алар чектөөлөрдөн улам ичпей келишкен" деп жооп беришти респонденттер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4674