Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайдын директорлугунан баш тартты
RU

Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайдын директорлугунан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайдын директору болуудан баш тарткандыгын Социалдык тармактарга жазып чыкты.

Анын айтымында, училищенин мурунку жетекчилиги коллективди ага каршы кайрып коюшкан. Андан тышкары "Батыштын акчасын жеген журналисттер күнү-түнү ошол жатаканада жашап эле калышты. Окуяны бир тараптуу чагылдырып жатышты. Провокация кылып, тукуруп, алардын боё сезимдерин пайдаланышты", - дейт Каримова.

Бир катар жаңжалдан кийин ал кызматтан баш тартууну чечкендигин, жана эл батасын бермейин иштей албай турганын да жазган. "Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм", - деп билдирген.

"Менин ар-намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эли-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем", - деп ырчы сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, Самар Каримова 2018-жылдын 24-октябрында Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалган. Бир нече күн өткөндөн кийин жаңыдан Маданият, маалымат жана туризм министри болуп келген Азамат Жаманкулов ал буйрукту жокко чыгарып, Каримованы директорлуктан алып салган.

Жакында эле Самара Каримова Маданият министрлигине каршы сотту утуп чыгып, соттун чечими менен ал кайрадан директорлук кызматына кайтарылууга тийиш. Окуу жайдын коллективи соттун чечимине каршы чыгышты.

Буга чейин Каримова Оштогу музейдин жетекчиси болуу аракетин көргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/468