"Манас" аэропортунан декларацияланбаган дарылар жана 27 пачка кальян тамекиси табылган
RU

"Манас" аэропортунан декларацияланбаган дарылар жана 27 пачка кальян тамекиси табылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келинген, салмагы 30,2 кг болгон декларацияланбаган ар кандай дары дармектердин түрлөрү Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

2021-жылдын 21-январында, товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, "Манас" бажысынын кызматкерлери эл аралык "Манас" аэропортундагы "КММ" ЖАКнын убактылуу сактоо кампасында "Г.Э." ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген жалпы салмагы 30,2 кг болгон декларацияланбаган ар кандай дары дармектердин түрлөрү, медициналык буюмдар жана 27 пачка кальян тамекиси табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/469