Сценарий өзгөрдү - кортеж болбойт, банкет да берилбейт. Инаугурация кандайча өтөт?
RU

Сценарий өзгөрдү - кортеж болбойт, банкет да берилбейт. Инаугурация кандайча өтөт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун инаугурациясына даярдык көрүлө баштады - өкмөт үйү тазаланып, кортеждин өтүүсүн репитиция кылып жолдор тосулду, уюштуруу комитети да түзүлдү.

Иш чаранын бюджети 15 млн сом. Бул сумманы, президенттин аппаратынын жетекчиси жана уюштуруу топтун төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов ачыктаган. Бирок кийинчерээк сумма 10 млн сомго чейин кыскарган.

Kaktus.media Финансы министрлигине байланышып, суроо узатканда, республикалык бюджетте инаугурацияга 8,5 млн сом каралганы белгилүу болду.

"5 млн сом январдын башында, калган 3,5 млн айдын ортосунда которулган. Калган каражатты президенттин жана Жогорку Кеңештин башкармалыктары бөлүп берет", - деп министрлик жооп берди.

Президенттин аппараты инаугурацияга сарптала турган сумманы тактап туруп, айтып берерин убада кылды.

"Садыр Жапаров өзү айткандай, церемония максималдуу түрдө жөнөкөй болот", - деп аппарат маалымдады.

Инаугурация кантип өтөт?

Салтанаттуу азем саат 11:00до башталат, ага коомчулуктун, маданияттын өкүлдөрү жана илимий интеллигенция чакырылат. Чет өлкөлүк лидерлерден эч ким чакырылган жок.

"Биз Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын пикирин эске алдык, алар чакырылгандардын 70%ы жөнөкөй жарандар жана шайлоочулар, Кыргызстандын каармандары болсун, деп суранышкан. Андан тышкары өкмөттүн мүчөлөрү, Жогорку соттун өкүлдөрү, БШК жана мамлекеттик органдардын жетекчилери", - деп Касмамбетов буга чейин эле айткан.

Негизи, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан Т.Сатылганов атындагы филармонияга чейин кортеж өтмөк, бирок кечээки жарандардын сын-пикир коштолгон реакциясынан кийин, андан баш тартууну чечишти. Инаугурациянын өзү филармонияда өтөт.

Садыр Жапаров филармонияга өзү келет, жолдор тосулбайт.

"Азыркы тапта сценарий өзгөртүлүп жатат. Бирок салтанаттуу азем сөзсүз КТРКдан трансляцияланат.

"Инаугурация боюнча банкет да берилбейт. Бардыгы максималдуу түрдө жөнөкөй өтөт", - деп президенттик аппарат баса белгиледи.

Салтанаттуу аземге кайсы саясатчылар келет?

Албетте, өкмөттүн толук курамы, жана башка башкаруу бутактарынын жетекчилери. Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго төш белгисин, штандартты жана күбөлүгүн тапшырат.

Инаугурацияга экс-президент Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековдун катышуусу тууралуу маселе чечиле элек.

"Уюштуруу комитети бардык суроолор боюнча бүгүн чечимдерди кабыл алышат. Комментарийлер кечирээк берилет", - деп мамлекеттин аппарат жетекчиси маалымдады.

Kaktus.media буга чейин билдиргендей, Садыр Жапаров азыркы өкмөт үйүндө иштейт, имаратты ичи-тышынан тазаланып, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Филармониядагы инаугурация бүткөндөн кийин Жапаров ошол жака барат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/470