Сауд Арабиясында 40 төө сулуулук сынагынан четтетилди. Ботокстун айынан
RU

Сауд Арабиясында 40 төө сулуулук сынагынан четтетилди. Ботокстун айынан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сауд Арабиясында 40 төө сулуулук сынагынан четтетилди. Себеби алардын эриндерине ботокс сайылган, деп британиядык The Daily Mail басылмасы жазды.

Төө фестивалына жыл сайын миңдеген көрүүчүлөр катышат. Программага төө жарыш жана сулуулук конкурсу кирет. Быйыл калыстар тобу айрым төө ээлери жаныбарлардын эриндерине ботокс сайганын аныкташты. Андан тышкары жаактарын тарттырып, булчуң массасын чоңойтуу үчүн инъекция жасашкан.

"Биз бардык фальсификация фактыларын алдын алууга аракет кылабыз", - деп калыстар тобунун мүчөсү билдирди.

Иликтөө жүргүзүлүп, 40 төөгө ботокс сайылганы аныкталды. Ал жандыктар дароо сынактан четтетилди, төө ээлери да жазаланат.

Кошумчалай кетсек, сынактын баш байгеси 64 миллион доллар. Сауд Аравиясында төө багуу аябай өнүккөн. Бул тармакта укмуш чоң акча айланат. Бийликтин пикири боюнча шылуундардын аракети өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4714