"Түндүк электро" кызматкери электр энергиясын уурдады деп айыпталды
RU

"Түндүк электро" кызматкери электр энергиясын уурдады деп айыпталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Түндүк электро" ишканасынын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, компаниянын кызматкери электр энергиясын мыйзамсыз колдонгон.

Талас облусундагы "Түндүк электронун" филиалы Таластагы көп кабаттуу үйлөрдүн абоненттерин текшерип жаткан учурда электр энергиясын уурдоо фактысын аныктаган.

Абонент электр менен камсыздоону электр счетчигин айландырып өтүп кошуп алган. Ошондуктан счетчикитин көрсөткүчтөрү инспекторлорго түшчү эмес. Текшерүү учурунда абонент баш аягы 7 438 кВт⋅саатына сарптаганы белгилүү болду. Бул мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, кийин ал "Түндүк электронун" кызматкери экени белгилүү болгон.

Компания бардык абоненттерди анын ичинде чиновниктерди жана энергетиктерди да текшере турганын баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө компаниянын кызматкерлери 75 миң абонентти текшеришкен. Алардын ичинен 32 миң абонентке пломбалар коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4716