Бул тамаша эмес. Россияда мигранттарды аңдуу мыйзамдаштарылат
RU

Бул тамаша эмес. Россияда мигранттарды аңдуу мыйзамдаштарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов, 2022-жылдын үчүнчу кварталында "Мигранттар тууралуу" мыйзамга өзгөртүүлөрду киргизүу пландаштырылып жатканын билдирди.

Ал өзгөртүүлөргө ылайык, мигранттар үчүн атайын ID-карта жасоо чечими күчүно кирет.

"Россияга келген ар бир чет элдик жаран 30 күндүн ичинде аталган документти алууга тийиш. Ал документ узак убакытка чейин өлкөдө мыйзамдуу жүрүүгө уруксат берет, андан тышкары, 10 жылдык мөөнөткө өздүктү тастыктоочу чакан документ болуп калат", - деп Коженов айтып берди.

Бардык мигранттар дактилосокпиядан (манжанын изи) өтүшөт. Ошондой эле мигранттардын телефонуна геолакациясы өчпөй турган тиркеме орнотулат. Аны менен мигрант кайсы жерде экенин ар дйым көрүүгө болот. Бул бардык тараптар үчун ыңгайлуу болот, бизге да, мигранттарга да.

ИИМдин маалыматына ылайык, РФке келип учетко турган чет элдик жарандардын саны былтыр 8,3 млн болсо, быйыл бул көрсөткүч 10,6 млнго жеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4718