Ош шаарында 3 күндүк манас айтуу уюштурулат
RU

Ош шаарында 3 күндүк манас айтуу уюштурулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов манасчы Дөөлөтбек Сыдыков, белгилүү журналист Элнура Кулиева жана уюштуруу тобу менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Белгилүу болгондой, жолугушуунун алкагында вице-мэр коомчулук арасында көөнөрбөс Манас дүйнөсү тууралуу жайылтып жаткан жакшы саамалык үчүн ыраазычылык билдирип, колдоого алаарлык демилгелер үчүн Ош шаарынын мэриясы ар дайым даяр экендигин кошумчалады.

Ага улай уюштуруучулар Ноорузга карата Ош шаарында 3 күндүк манас айтууну жана сүмөлөк фестивалын өткөрүү боюнча пландар менен ой бөлүшүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/472