5 миң долларлык койлорго чип басылды (фото)
RU

5 миң долларлык койлорго чип басылды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө алгачкы ирет эт-май багытында өстүрүлгөн арашан породасындагы койлорго электрондук чип басыла баштады. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, койлорго электрондук чиптерди тагуу менен бирге асыл тукум баракчалары толтурулуп, койлор тууралуу маалыматтар атайын түзүлгөн сайтка жайгаштырылат. Ошондой эле чип тагылардан мурда ар бир койдун салмагы, бою, куйругунун чоңдугу, башы жана кулактары текшерилет. Электрондук чиптер койлорду аралыктан идентификациялоого мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, койлордун арашан породасы өлкөнүн мал чарбачылыгында 1970-2021-жылдар аралыгында өстүрүлгөн. Учурда мындай породадагы койлордун саны өлкө боюнча 5 миң 800гө жакын.

Бул койлордун баасы болжолдуу түрдө 5000 доллар, ал эми козулары 500 доллардан жогору. Өлкө аймагында мындай койлорду каттоо ишине 33 фермер жана илимий адистер автордук алышкан.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4736