"Эл бизди түшүнөт". Жапаров инаугурация учурундагы банкеттен баш тартуусун түшүндүрдү
RU

"Эл бизди түшүнөт". Жапаров инаугурация учурундагы банкеттен баш тартуусун түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңыдан шайланган президент Садыр Жапаров инаугурацияга байланышкан даярдык боюнча комментарий берди. Бул тууралуу президенттин маалымат саясатынын аппараты билдирди.

Кыргызстандыктарга кайрылып жатып Жапаров: "Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм", - деп айткан.

Ошондой эле ал Мамлекет башчысынын кызматка киришүүсүнүн калыптанып калган салттарына, стандарттарына жана жол-жоболоруна ылайык, иш-чаралар планын иштеп чыккан Уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирген.

"Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү", - деп президенттин билдирүүсүндо жазылган.

Кайрылуусунун соңунда "Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл", - деп сөзүн жыйынтыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/473