Өткөн жылы 97 бүтүрүүчү үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеп башташты
RU

Өткөн жылы 97 бүтүрүүчү үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеп башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алтынай Кошалиева жана Гульназ Пахриддинова үй-бүлөлүк дарыгерлер - алар дипломдон кийин билим берүүнү децентралдаштыруу программасынын алгачкы ординаторлору.

Дипломдон кийинки билим берүүну децентралдаштырууну Билим берүү министрлигинин медицина бөлумүнүн адистери көзомөлдөшөт. Ординаторлорду региондорго жөнөтүүнүн жалгыз талабы - бул ординатураны отүу үчүн бардык медициналык жабдыктардын жана клиникалык насаатчылардын жер-жерлерде болушу.

Өткөн жылы үй-бүлөлүк дарыгер болуп 97 бүтүрүүчү иштеп башташты. Алардын ичинен жарымынан көбү (64%) - региондордо, ординатураны өткон жерлеринде иштеп жатышат. Жыл сайын Саламаттыкты сактоо министрлиги үй-бүлөлүк медицина боюнча ординатурадан өтүү үчүн 150 бюджеттик орун бөлүп берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/474