Москвада өткөн турнир кыргызстандык жана өзбекстандык көрүүчүлөрдүн мушташы менен аяктады
RU

Москвада өткөн турнир кыргызстандык жана өзбекстандык көрүүчүлөрдүн мушташы менен аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кулатуу Эртаймаш ММА" улуттук күрөштүн дүйнөлүк лигасынын эрежесиз эр уруш боюнча турнири массалык мушташ менен аяктады. Бул тууралуу kaktus.kg'ге турнирдин корүүчүлөру билдиришти.

"Турнирдин жүрушүндө өзбек мушкери Намазан Самиев кыргыз спортчусун жеңген. Андан кийин ким кааласа ошону менен беттешүүгө даяр экенин жар салган. Каршылашы дароо эле табылды. Тиктешүү учурунда Самиев күтүүсүз жерден тизеси менен башка тепкен. Бул мушташтын чыгышына себеп болуп, ага ондогон көрүүчүлөр аралашып кеткен", - деп окурман кабарлады.

Конфликт учурунда жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4755