Эркек баланын мончодо зордукталышы: күч органдары шектелүүчүгө издөө салышты
RU

Эркек баланын мончодо зордукталышы: күч органдары шектелүүчүгө издөө салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 24-январда эртең менен Кыргызстандык социалдык тармактарда жана мессенджерлерде белгисиз жигит (болжол менен 20 жаштагы) жашы жете элек эркек баланы зордуктап жаткан видео тараган.

Бул видео качан жана кайсы жерден тартылганы азырынча белгисиз. Видеодогу кадрлардан улам, окуя мончодо болуп жатканын түшүнсө болот. Зордукчу өспүрүм баланы кармап, коркутуп жатат ал эми, өспүрүм бала аны кое берүүнү суранууда. Сүйлөшүү кыргыз тилинде жүрүп жатат.

ИИМдин басма-сөз кызматы Kaktus.media'га билдирген маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери зордукчуну издеп башташты. Бардык ички иштер башкармалыктарына шектелүүчүгө издөө салуу боюнча ориентир берилген. ИИМдин өкүлдөрү ал жакын арада кармала турганын убада беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/476