Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды
RU

Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунда бир баш жылкы уурдоого шектүүлөр камалышкан. Маалыматты Чүй облусунун ШИИБсинин басма сөз кызматы берди.

2021-жылдын 10-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБсине 1995жылы туулган С.К. арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылында жайгашкан жайлоосунан белгисиз бирөөлөр 1 баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББсинин жана Ысык-Ата РИИБсинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган Ж.А. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4778