Көзгө жаш алгыдай. Бишкектеги жаңы жылдык жасалгалар (фото)
RU

Көзгө жаш алгыдай. Бишкектеги жаңы жылдык жасалгалар (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин жаңы жылдык жасалгасы боюнча маалыматтар таралууда. Ага шаардык муниципалитет жалпысынан 5,6 миллион сом сарптамакчы болгон.

Сүрөттөр бүгүн, 16-декабрда эртең менен Бишкектин борбордук бөлүгүндө – Ала-Тоо аянтына жакын жерде тартылган. Буга чейин балатылардын жасалгаларын жаңыртып берүүнү убадалашкан эле.

Муниципалитет шаардык бюджеттин каражаттарын максаттуу жана ачык-айкын пайдалануу боюнча күмөндөрдү жоюу максатында жарандык активисттерди жана блоггерлерди 2022-жылга даярдык көрүү жана майрамдоо боюнча шаардык штабдын жыйынына катышууга чакырарын билдирген.

Аянттагы балаты расмий түрдө жарыгын күйгүзө элек. Азырынча муниципалдык кызматтардын жаңы жылдык жасалгалоо иштери аягына чыга элек сыяктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4791