Бишкектин ИИББси: Өспүрүм баланын зордукталышы биздин өлкөдө болгон эмес
RU

Бишкектин ИИББси: Өспүрүм баланын зордукталышы биздин өлкөдө болгон эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм баланын мончодо зордукталып жатканын көрсөтүп жаткан видео, Кыргызстанда тартылган эмес. Бул тууралуу Бишкектин ИИББсинин басма сөз катчысы Улан Джумаков маалымдады.

"Белгисиз жигит жашы жете элек өспүрүм баланы зордуктап жаткан видео боюнча, милициянын кызматкерлери текшерүү иштерин улантышууда.

Тергөө жана иликтөө иш чаралардын жүрүшүндө, видео Кыргызстанда эмес, башка жерде тартылганы белгилүү болду. Бул факт биздин өлкөгө тиешелүү эмес. Кийинчерээк такталган маалымат берилет", - деп жооп берди.

ИИББнин басма сөз кызматы элдерди провокацияга алдырбай, жалган маалымат таратуудан алыс болууга ундөдү.

Эске салсак, кечээ, 24-январда эртең менен Кыргызстандык социалдык тармактарда жана мессенджерлерде белгисиз жигит (болжол менен 20 жаштагы) жашы жете элек эркек баланы зордуктап жаткан видео тараган.

Бул видео качан жана кайсы жерден тартылганы азырынча белгисиз. Видеодогу кадрлардан улам, окуя мончодо болуп жатканын түшүнсө болот. Зордукчу өспүрүм баланы кармап, коркутуп жатат ал эми, өспүрүм бала аны кое берүүнү суранууда. Сүйлөшүү кыргыз тилинде жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/479