Кристина Болдырева дүйнө чемпиону болду. Бирок Кыргызстандын желегин көтөрө албады
RU

Кристина Болдырева дүйнө чемпиону болду. Бирок Кыргызстандын желегин көтөрө албады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында Бухарестте (Румыния) өткөн армрестлинг (кол күрөш) боюнча дүйнө чемпионатында Кристина Болдырева алтын жеңип алды.

Спортчунун өзү Kaktus.media сайтына билдиргендей, ал сыйлык тапшыруу аземинде тууну постаментке көтөрө алган эмес, анткени өлкөнүн желегин алып жүргөн өкүл бир жакка кетип калган.

"Сүрөттөн жада калса экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген атаандаштарым өз мамлекеттеринин желектери менен турганын көрүүгө болот. А менде жок", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул чемпионатта Кыргызстандын атынан алты гана спортчу катышкан, ал жалгыз гана "Улуулар" (чоңдор) категориясында, калгандары ардагерлер, өспүрүмдөр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

"Чемпионаттын алдында визага өзүбүз чуркадык, документтерди толтурдук, өз каражатыбызга билет алып, катышуу акысын төлөп, каржылык чыгымдарды да өзүбүз төлөдүк. Жыйынтыгында мага ушундай мамиле болду", - деди ал.

Болдырева белгилегендей, Кыргызстандан барган делегацияны Азия федерациясынын президенти жана Кыргызстандын армрестлинг федерациясынын экс-президенти Жээнбек Мукамбетов жетектеп, өлкөнүн желеги дал ошол кишиде болгон.

"Сыйлык тапшыруу аземине бир мүнөт калганда мен аны подиумдан көргөм. Бирок, андан кийин ал көздөн кайым болуп, мен жалгыз калдым, ал эми башка спортчуларды сыйлоо учурунда ал жеңүүчүлөрдүн жанында сыймыктануу менен турат", - деди ал.

Ал эми андан кийинки күнү медал үчүн анын оң колу менен күрөшкө уруксат берилген эмес.

Белгилей кетсек, армрестлингде спортчулар эки медалга ээ боло алышат - мелдештер оң жана сол кол менен жүрөт.

Болдыревада Орусиянын жарандыгы бар экени, ушундан улам ага Кыргызстандын курамасында ойноого тыюу салынганы белгилүү болду.

"Быйыл, жайда Кыргызстандын курамасында ойноп, эки алтын медаль уттум, баары жакшы болгон. Бирок эмне үчүн мени дал ушул дүйнөлүк чемпионаттан дисквалификациялашты? Кийин билсем, биздин өкүл Жээнбек Батталович мага арачылык кылган да эмес, тескерисинче, менин жарандыгым тууралуу билбегендиктен, менин четтетилишимди өзү демилгелеген", - деди ал.

Ал эки жашынан бери Кыргызстанда жашап, ар дайым эл аралык аренада армрестлинг эмес, акробатика боюнча да өлкөбүздүн атынан чыгып келе жаткан.

"Менин жарандыгым боюнча маселе эч качан көтөрүлгөн эмес. Спортчу өзү каалаган өлкө үчүн ат салышууга укуктуу. Башкача айтканда, мен Кыргызстандын атынан ар дайым эл аралык аренада катышып келгем жана эч кандай көйгөй жаралчу эмес. Сыйлык тапшыруу аземинде желекти бербей койгонуна дагы эле капамын. Оң колум менен күрөшүү үчүн катышуу акысын төлөгөм, бирок ал кайтарылган жок. Биздин федерация бизге арачылык кылган жок. Эмне үчүн экенин билгим келет", - деп ал кошумчалады.

Спортчунун билдирүүсүндө Кыргызстандын Армрестлинг федерациясы Instagram баракчасынан жооп кайтарды. Федерация эмоциялар спортчуларга кырдаалга так-даана баа берүүгө тоскоол берерин белгилеген.

Федерация ага жооп берип "Анын күчүн жана бул мелдештерге даярдыгын билип, Мукамбетов Жээнбек Батталовичтин аркасы менен аны дүйнөлүк чемпионатка каттатып, жеңип алган медалын сол колуна калтырууга үлгүрдү. Ал Россиялык команданын нааразычылыгынан улам четтетилди. Далилдер тиркелип, күбөлөр бар",- деп эл аралык федерациянын катын жарыялады.

Желекке келсек, сыйлык тапшыруу аземине ар бир спортчу өлкөнүн символдору түшүрүлгөн желек жана футболкасын өзү көтөрүшү керектиги белгиленген. Ал эми желекти даярдоо жана тапшыруу Жээнбек Мукамбетовдун милдетине кирбейт.

Мукамбетовдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4800