"Акыркы көч" тасмасы Бангладеште өткөн кинофестивалда "эң мыкты тасма" аталды
RU

"Акыркы көч" тасмасы Бангладеште өткөн кинофестивалда "эң мыкты тасма" аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бангладеште өткөрүлгөн 19- Эл аралык Дакка кинофестивалында Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Акыркы көч" тасмасы"Эң мыкты тасма" аталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы тараткан прес-релизде жазылган.

Кинофестиваль өзүнүн тарыхын 1977-жылдан бери жазып келет. Анын урааны - "Мыкты кино, мыкты аудитория жана мыкты коом".

Дакка кинофестивалы быйыл 16- 24 январь арасында онлайн форматта өткөрүлдү. Фестивалда 73 мамлекеттен 226 тасма көрсөтүлгөн.

Көркөм тасманын англис тилиндеги аталышы - The Road to Eden, кыргыз тилине которгондо "Эдемди көздөй сапар". Тасма Улуттук Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынан жана "Билимкана" фондунун колдоосу менен тартылган.

Режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.

Башкы ролдордо: Марат Алышбаев, Бусурман Одуракаев, Шайыргүл Касымалиева, Анара Ажыканова ж.б.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/481