Жергиликтүү туроператор самолетко бааны жасалма жол менен көтөргөнү аныкталды
RU

Жергиликтүү туроператор самолетко бааны жасалма жол менен көтөргөнү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы полициясы авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишинин фактыларын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы Россия Федерациясына авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетүү фактысы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Иш-чаралардын жүрүшүндө ЭККМКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 800 сом суммасындагы

авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды. Туроператор жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.

Бул факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Азыркы убакта, республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат, деп

ЭККМКнин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдо жазылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/482