Пакистандык студенттер аларга кол салуу көбөйгөнүн белгилешти
RU

Пакистандык студенттер аларга кол салуу көбөйгөнүн белгилешти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы Пакистандык студенттердин федерациясы өзүнүн Facebook'тагы баракчасына билдирүү жазган. Анда, акыркы кезде жергиликтүү тургундар чет элдик студенттерди ур-токмокко алып, талап-тоноо фактылары көбүрөөк каттала баштаганын билдиришкен.

"Кыргызстанда окуган студенттер өздөрүн мурункудй коопсуз сезбей калышты. Кечээ жана бүгүн эки пакистандык студентти жергиликтүүлөр сабап анан тоноп кетишкен. Биз Кыргыз бийлигинен пакистандык студенттердин коопсуздугун сактоо боюнча чара көрүүнү суранабыз. Чет элдик студенттердин санынын көбүн эске алуу менен полиция участогунда англис тилин билген бир кызматкер болууга тийиш", - деп кайрылууда жазылган.

Белгилей кетсек, кайрылуу 19-декабрда жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4841