Таштанды бөтөлкөлөрдөн акча жасаган бизнес. Экоактивистер завод ачышты (видео)
RU

Таштанды бөтөлкөлөрдөн акча жасаган бизнес. Экоактивистер завод ачышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Begreen компаниясы пластикти кайра иштеткен завод ачты. Бул өндүрүш азырынча пластикти кайра иштетип, майдаланган абалда, Россияга экпортко жиберишет. Бирок, келечекте өздөрү синтепон сымал сапаттуу продукт чыгарууну пландоодо.

Негиздөөчүлөрдүн айтымында башында мындай завод ачабыз деп ойлошкон эмес. Алар толуп жаткан желим бөтөлкөрдү көрүп, жөн гана экологияга салым кошкусу келип, бөтөлкө урналарын орнотушкан. Азыр урналардын саны 530га жеткен.

Бул стартап ийгиликтүү болуп натыйжада завод ачууга өбөлгө түзүлгөн. Алардын башкы максаты - элди таштандыны бөлүп таштоого үйрөтүү гана болгонун айтышат. Эми таштанды бөтөлкөлөрдөн синтепон чыгарып чоң экобизнеске айландыргылары келерин белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4856