Унаадан жубайлардын жансыз денелери табылган
RU

Унаадан жубайлардын жансыз денелери табылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунда жубайлардын жансыз денеси унаадан табылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 20-декабрда эртең менен, Ат-Башы районундагы айылдардын биринде гаражга токтотулган унаанын ичинен эки адамдын жансыз денеси табылган. Булар 1980-жылы жана 1982-жылы туулган жубайлар экени белгилүү болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар истүү газга ууланган.

Алардын артында беш баласы калганы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4857