Бензиндин баасы дагы көтөрүлөбү? Экономика министрлигинин жообу
RU

Бензиндин баасы дагы көтөрүлөбү? Экономика министрлигинин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасы 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн, бирок андан жогору эмес. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.

"Көптөгөн нефтетрейдерлер чындап эле чыгаша менен иштешти. Бул мамлекеттик башкарууну киргизүүгө мажбур болгонубузга байланыштуу болду. Бирок республикалык масштабда күйүүчү май тартыш болгон жок", - деди экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев.

Амангелдиев белгилегендей, айрым бирикмелер базардагы бааны турукташтыруу боюнча радикалдуу чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бирок, мамлекет азырынча мунун зарылдыгын көрө электигин айткан.

"Эгерде биз азыр бааларды түп-тамырынан бери төмөндөтүп, бардык салык төлөмдөрүн нөлгө түшүрсөк, анда биз байкабай коңшуларыбыздын экономикасын субсидиялай баштайбыз. Контрабандисттер же ак ниет ишкерлер бул кырдаалдан пайдаланып азгырылып кетпеши үчүн биз аймактагы баанын диапазонун сакташыбыз керек", - деп түшүндүрдү министр.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков жакынкы айларда күйүүчү май таңкыстыгы болбой турганын, анткени Орусиянын дүң базарында баалар оптимизацияланганын белгиледи.

"Декабрь айында күйүүчү-майлоочу майларды алып келүүдө баанын төмөндөө тенденциясы байкалууда. Андыктан 6-12 сомго баалар көтөрүлбөйт. Эгер көтөрүлсө, анда максимум 2-3 сомго жогорулайт", - деди Кеңешбай Тайлаков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4861