34 миллион уурдоо. ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кармалды.
RU

34 миллион уурдоо. ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кармалды.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник Исламбек Кенжекулов 33 миллион 946 миң сом өлчөмүндөгү каражатты уурдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media агенттигине күч түзүмдөрүндөгү булактар ​​билдирди.

Маалыматтарга караганда, Кенжекулов кечээ 48 саатка камакка алынып, учурда Аскердик прокуратурада сурак берүүдө.

Эскерте кетсек, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 33 миллион 946 миң сом кассалык компаниялардын эсебине которулуп, кийин өздөштүрүлгөнү белгилүү болгон. Бул акча өздүк курамга тамак-аш жана кийим-кече сатып алууга багытталган.

Аскер прокуратурасына "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (337-берене), "Алдамчылык" (209-берене), "Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу" (210-берене), "Кызматтык жасалмачылык" (346-берене) жана "Шалаакылык" (348-берене) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда козголгон иштер боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин Kaktus.media бул иш боюнча бир нече айыпталуучу 29-ноябрда өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөнүн жазган. Тактап айтканда, айыпталуучу катары кызмат адамдары Дамир Эрмекбаев, Кадырбек Кубатов жана Назгүл Каленбекова бар. Ал эми каражаттар "Кося Атлант" ЖЧКсына жана "Аддик Компани" ЖЧКсына которулган.

Кийинчерээк бул иш боюнча ИИМдин ички аскерлеринин каржы кызматынын башчысы Талант Жоробеков кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4862