Текебаев 2017-жылы аэропортто Атамбаевдин буйругу менен СИЗОго алып кетишкенине ыраазы
RU

Текебаев 2017-жылы аэропортто Атамбаевдин буйругу менен СИЗОго алып кетишкенине ыраазы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Текебаев 2017-жылы аэропортто Атамбаевдин буйругу менен СИЗОго алып кетишкенине ыраазы

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Венадан кайтып келгенден кийин "Манас" аэропортунда кармалып калганына ыраазы экенин билдирди.

Текебаевдин айтымында, эртең, 22-декабрда анын туулган күнү. Ал эми апасы дайыма биринчилерден болуп телефондон куттуктап турчу.

"Менин туулган күнүмдү чыдамсыздык менен күтүп, куттуктаганга шашкан адам апам эле. Анысын билип, мен да апамдын чалуусун күтөт элем. Эртең андай болбойт. Бирок, муну билсем да апамдын чалганын күткүм келет. Эми туулган күн мага мурункудай мааниге ээ болбой калды", - деп жазган социалдык баракчасына.

"2016-жылы айылга барганда апам менен көпкө сүйлөшүп калдык. Ошондо апам "мен карып калдым, мен теңдүүлөр 15-20 жыл мурда көз жумса, өзүмдөн 15-20 жаш кичүү келиндер да өтүп кетишти" деп сөз козгоп калды. Мен дагы көп жашаңыз деп, анан ичимден "биз эмнени туура эмес кылдык, эмнеге апам бул дүйнөдөн тажап кеткиси келип жатат" деп көпкө бушайман болуп жүрдүм.

"Бир нече айдан кийин, 2017-жылдын февралында Венадан кайтып келе жатканымда мени Атамбаевдин буйругу менен УКМКнын СИЗОсуна алып кетишти. СИЗОнун башчысы Бакыт жумасына бир жолу апам менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө уруксат берет эле. Телефондон апамдын үнү чыйрак, кайраттуу чыгып калыптыр. Апам мен үчүн пландарды коюп, чыйралып, калган. Ошондон кийин апамдын дагы бир нече жыл жашаганы үчүн ушул окуяга ыраазы болушум керек",- деди Текебаев.

Текебаевдин айтымында, апасы анын Бишкектеги үйүнө акыркы жолу 2020-жылдын октябрь айында келген.

"Айылга кетээринде мага: "Уулум, бүгүнкүлөргө (бийликтегилер дегени) ишенбе! Адамдар антип айтып жатат, минтип айтып жатат деп уга бербе, жүрөгүң айтканды, көңүлүңө жакканды кыла бер!",- деп бата берген. Көсө ал апамдын керээзи экен",-деп саясатчы сөзүн жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Дүйшөнкул Чотонов менен биргеликте орусиялык ишкер Леонид Маевскийден миллион доллар алган деп айыпталып, ар бири 2017-жылы сегиз жылдан эркинен ажыратылган. Саясатчылар өздөрү күнөөсүн мойнуна албай, бул ишти саясий куугунтук деп аташкан. Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш биринчи инстанцияга кайтарылган.

2021-жылдын 13-апрелинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья Айнура Сатарова айыпталуучу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттун чечимин жарыялады. Буга чейин прокуратура аларга коюлган айыптарды колдоодон баш тарткан. Сот кеңешүүдөн кийин чечим чыгарып: алар толук акталган.

Соттун чечими жарыялангандан кийин Айгүл Текебаева бул күндү эң көп кайын энеси күткөнүн айткан.

"Ал азыр ооруканада - кан басымы көтөрүлүп жатат. Ал үчүн ар бир күн эмес, ар бир мүнөт, ал тургай секунда маанилүү болчу. Эми ал тезирээк сакайып кетет деп ойлойм", - деп айткан ошондо Текебаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4864