Абдил Сегизбаевге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Ал суракка чакырылды
RU

Абдил Сегизбаевге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Ал суракка чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын экс-жетекчиси Абдил Сегизбаевге "Белизгейт" боюнча дагы бир кылмыш иши козголду. Бул маалыматты Kaktus.media'нын жеке булактары тастыктады.

Кылмыш иши "Ата Мекенден" ошо кездеги үч депутатына - Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова тиешелүү. Алар "Альфа Телеком" сатылса компаниянын 51% акциялардын үлүшүн алышмак.

Ошол кездеги президент Атамбаев УКМКга бул иш боюнча тез арада чара көрүү тапшырмасы берген. Тема ЖКнын жыйынында талкууга алынып, акыры ГП менен УКМК Абдил Сегизбаев көрсөткөн документтердин аныктыгын текшериши керек, деген бүтүмгө келишкен. Атайын комиссия өзүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча отчетту ош бойдон көрсөткөн эмес.

Азыркы кылмыш иши "Ата Мекен" фракциясынын мурунку жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун арызынын негизинде козголду. Шыкмаматов 2017 жана 2019-жылдары Генералдык прокуратурадан "Белизгейт" боюнча жасалма документтерди жайылткандыгы үчүн Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоону талап кылган.

Бирок бул ирет андан эч кандай арыз түшкөн эмес.

Ошол кезде ГП Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жок деп эсептеген.

УКМКнын экс-жетекчиси Абдил Сегизбаев өзү Kaktus.media'га берген комментарийинде анын жасаган иш аракеттеринин бардыгы мыйзам чегинде болчу деп эсептээрин айткан.

Учурда ал сурак берип жатат.

2021-жылдын 20-январында Абдил Сегизбаевге карата КРдин Жазык кодексинин 319-беренеси, 1-бөлүмү "Коррупция" боюнча иштин материалдары тиркелип, КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал жайыт жерлерди менчиктеп, өзүнө жана жакын туугандарына жаздырып алган деп айыпталууда. Менчиктелген жерлердин жалпы аянты 20 гектардан ашык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/488