Ишкерлердин айтылбаган арызы: Онлайн ККМдан улам айып пулду төлөй албай калабыз (видео)
RU

Ишкерлердин айтылбаган арызы: Онлайн ККМдан улам айып пулду төлөй албай калабыз (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмоктук жеке ишкерлер телефонго орнотулган онлайн ККМ (төлөмдөрдү онлайн жүргүзүү) жана виртуалдык ККМди киргизүүгө каршы.

Белгилей кетсек, көптөгөн ишкерлер онлайн POS принтерин милдеттүү орнотууну жокко чыгарып, патенттик негизде салык төлөө укугун калтырууну талап кылышууда.

Бизнесмен Улан Султанов айткандай, ал жана анын кесиптештери бир кардар өтпөй калса, көп айып пул төлөйбүз деп чочулашууда.

"Биринчи жолу 23 миң сом, экинчисинде 65 миң сом айып салынат. Аларды төлөөгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз да, күчүбүз да жетпейт. Анан биз азыр бул аппараттарды сатып алууга даяр эмеспиз. Анын үстүнө азыр интернет системасы жок, базарларда кошумча чыгымдарды талап кылат", - деди ал.

Султанов белгилегендей, базарда электр жарыгы көп өчөт.

"Ушундай мүчүлүштүктөрдүн көбүнөн улам, биз азырынча даяр эмеспиз деп эсептейбиз. Ошондуктан KKM-онлайнды колдогон өкмөт мүчөлөрүнө кайрылабыз: бизге жок дегенде бир жыл убакыт бергиле, биз мурункудай патент системасы менен эле иштей берели. Өкмөт макул болсо абдан ыраазы болмокпуз. Чечим кабыл алып жатканда жети жолу өлчөп, бир жолу кесүүнү өтүнөбүз",- деп бизнесмен министрлер кабинетине кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4891