Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын мыктысы деп аталды
RU

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын мыктысы деп аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Азиядагы эң мыкты балбан кыз деп табылды. Бул тууралуу Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсүнүн Instagram баракчасында маалымдалган.

Эске салсак, ал 2021-жылы Дүйнө чемпиондугун жана Азия чемпиондугун жеңип, Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган.

Маалыматта, грек-рим күрөшү боюнча ирандык Мохаммедреза ГЕРАЕИ Азиянын эң мыкты балбаны деп табылган.

Эркин күрөш боюнча эң мыкты ирандык Хасан Алиазам ЯЗДАНИЧАРАТИ болду.

Аларды сыйлоо 19-24-апрель күндөрү Улан-Ботордо (Монголия) өтөт.

Тыныбекова бул билдирүүгө "😍😍😍" деген комментарий калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4894