Сузакта түнкүсүн көчө таптап жүргөн өспүрүмдөргө рейд жүргүзүлдү
RU

Сузакта түнкүсүн көчө таптап жүргөн өспүрүмдөргө рейд жүргүзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулукту алдын алууга багытталган "Өспүрүм түн" аталышындагы иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Мындай иштер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана мектеп жамааты менен биргеликте өткөрүлүп, рейддин алкагында жалпы 44 жаш өспүрүм түнкү убакытта чоңдордун коштоосу жок көчөдө жүргөндүгү аныкталган. Анын ичинен 24 жаш ѳспγрγм

мектеп окуучусу, ал эми калгандары 9-классты бүтүрүп, учурда ар кандай кесиптик билимдерин улантып жатышкан өспүрүмдөр болгон, деп билдирүүдө жазылган.

Аныкталган өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылып, аларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлгө алуу зарылдыгы эскертилди.

Мындан сырткары тартип сакчылары мечиттерде да эл менен жолугушууларды өткөрүштү. Анда туура эмес диний агымдарга кошулуудан алыс болуу керектиги белгиленди. Ошондой эле Сузак району ар улуттун өкүлдөрү жашаган аймак экендиги айтылып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө зарылдыгы жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/489