Кочкор районунун өзгөчө жашоочусуна паспорт акысыз берилди
RU

Кочкор районунун өзгөчө жашоочусуна паспорт акысыз берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кочкор районунун Калкты Тейлөө Борбору тракторлордун, жүк ташуучу автоунаалардын жана жүктөгүчтөрдүн үлгүлөрүн өзүнүн сүрөтү боюнча жасаган Нарын облусунун уникалдуу тургуну Талант Ташматов үчүн бекер паспорт жасатып беришти. Бул тууралуу Мамлекеттик Каттоо кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, 37 жаштагы Талант Ташматов 2-топтогу майып, кичинесинен бери автоунааларды жакшы көрөт, өзүнүн моделин жаратууда эч кандай ширетүүнү колдонбойт.

Мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле акимчиликтин жана Кочкор районунун Калкты тейлөө борборунун демилгеси менен анын паспортун алмаштыруу үчүн мобилдүү топ унаасы менен Талант жашаган жерге акысыз барган. Паспорт үчүн төлөмдү КТБнын кызматкерлери төлөп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/490