Депутат Иса Өмүркуловдун боорун алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалды (фото)
RU

Депутат Иса Өмүркуловдун боорун алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловго Түркияда операция жасалды. Ага боор трансплантацияланган.

Депутат Сайдулла Нышанов он күн мурун кесиптеши менен сүйлөшкөнүн Kaktus.media сайтына билдирди.

"Өмүркулов эки-үч күндөн кийин операция болушу керек болчу. Бирок андан кийин мен аны менен байланышкан жокмун", - деди депутат.

Операция болушу керектигин КСДПнын катчысы да тастыктады. Бирок так датасы айтылган жок.

Операция тогуз саатка созулуп, ийгиликтүү аяктаганын Фейсбук колдонуучусу Адилет Калыгулов өз баракчасына жазды.

"Өмүркуловдун жакындарынын айтымында, анын боору алмаштырылган. Учурда абалы туруктуу. Жакынкы убакта Кыргызстанга келет", - деп жазган ал депутаттын жубайына шилтеме жасап. КСДПнын катчысы билдиргендей, ал Түркияда Өмүркуловдун жанында жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4915