Кыргызстандык каратэчилер Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту
RU

Кыргызстандык каратэчилер Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык жаш спортчулар Казакстанда өткөн WKF каратэ боюнча Азия чемпионатында күмүш жана коло байгелүү болушту.

14-15 жаштагы спортчулар арасында Канышай Турсунбаева 2-орунду ээледи.

Ал эми Кымбат Тойтонова 18 жаштан жогорку кыздар арасындагы категорияда үчүнчү болду.

Спортчулардын машыктыруучусу Акымбек Өмүрбеков. Кыздар Каракол шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4917