Дастан Бекешев студенттерге лекция окуп шайлоо кампаниясына каражат чогултат
RU

Дастан Бекешев студенттерге лекция окуп шайлоо кампаниясына каражат чогултат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев студенттерге өзүнүн кызматын сунуштап, юриспруденциянын түрдүү багыттары боюнча лекцияларды 3 миң сомго окуп берүүгө даяр экенин билдирди. Каражат анын шайлоо кампаниясына жумшалат. Мындай ой менен ал өзүнүн Facebook баракчасынан бөлүштү.

Бекешев Kaktus.media'га билдиргендей, мындай билдирүүнүн өзү бир мандаттуу депутаттын шайлоо кампаниясынын башталышы дегендик.

"Мен юридикалык факультеттин бүтүрүүчүлөрү менен өзүмдүн практикалык билимим менен бөлушүүгө даярмын. Менин тажрыйбам аларга андан аркы багытты тандоого көмөктөшөт. Бизге башка каалоочулар да кошула алышат", - деди ал.

Депутаттын пикири боюнча, университеттеги мугалимдер белгилүү бир билим берүү программасынын алкагында гана лекция окууга аргасыз. Алардын ичинен айрымдары эле программадан сырткары билими менен бөлүшүп, келечектеги юристтерге чындап пайдалуу боло турган маалыматты айтып беришет.

"Билим берүү программасы менен сөзсүз окуу керек, бирок ийгиликтүү болгусу келген юрист андан да көбүрөөк билүүгө тийиш. Мына ушундай студенттер үчүн мен "Кантип ийгиликтүү юрист болсом болот" деген лекция даярдадым. Лекция эки саатка созулат, баасы 3000 сом. Мурун мен лекцияларды акысыз эле окуп берчүмүн, эми кампанияга даярданышым керек. Мен убактымды үнөмдөп жатам", - деп өзүнүн чечимин депутат түшүндүрдү.

Бекешевдин айтымында, бардык студенттер окууну бүткөндөн кийин жакшы акча тапкысы келет, ал эми ал кантип ошого жетиш керек экенин айтып бере алат.

"Он же андан көбүрөөк угуучу чогулары менен окутууну баштайбыз. Сиздин акчаңар менин шайлоо алдындагы кампанияма гана жумшалат", - деп Бекешев баса белгиледи.

Азыркы тапта Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланууда. Ага ылайык, парламентте депутаттардын саны кыскарып, алар партиялык тизме менен эле эмес, бир мандаттуу округ боюнча да шайланышат.

Конституциялык кеңеш жаңы долбоордун үстүнөн өткөн жылдын ноябрь айынан тарта иштеп баштады. Ал долбоорго ылайык, президенттин бийлиги күчөтүлүп, көзөмөлдөөчү орган катары курултай киргизилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/491