Бишкекте 221 мыйзамсыз турак жайга техпаспорт берилди
RU

Бишкекте 221 мыйзамсыз турак жайга техпаспорт берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 25-декабрга чейин 221 үйгө техникалык паспорт берилди. Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы мыйзамсыз курулуштарга техникалык паспорт алуу үчүн 1047 арыз түшкөн. Анын ичинен сегиз арыз кабыл алынган эмес. Учурда 366 техпаспорт даяр.

Жаңы конуштардагы мыйзамсыз турак жайларга техникалык паспорт берүү үчүн Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн атайын көчмө топ иштеп жатат.

Алар өз алдынча курулган турак жайларга техникалык паспорт берүү үчүн маалыматтарды топтойт. Көчмө топтордун иштөө убактысы жана жери мэриянын расмий сайтына чыгарылып турат.

Мэриянын маалыматына ылайык, техникалык паспорт жерди мыйзамдаштырууга жатпайт. Анда кыймылсыз мүлктүн гана техникалык маалыматтары топтолот. Бул документ жер тилкесин мыйзамдаштыруунун биринчи этабы.

Кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн документтердин тизмеси:

  • Өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү).
  • Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар.
  • Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөнүн сандык курамынан маалымат кат.

Президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга буга чейин кол койгон. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.

Жапаров 22-ноябрда кызыл китеби жок жер тилке ээлери менен жолугушкан.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, аларга тамдар салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көп бөлүгү 2005-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алынган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4933