Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган үч наристе алынып келинди
RU

Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган үч наристе алынып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 21-декабрынан 23-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында ата-энесинин камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын өз мекенине кайтаруунун (кайтып келүүнүн) үчүнчү этабы Россия Федерациясынын аймагында болуп өттү.

Аталган репатриация иш-чарасынын алкагында Элчилик Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Россия Федерациясынын Самара, Орел, Москва шаарларынан Кыргыз Республикасынын жашы жете элек 3 жаранын мекенине кайтуусун ишке ашырды.

Элчилик тарабынан, ошондой эле балдардын мекенине кайтып келүүсү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер таризделди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4937