Равшан Жээнбеков эркиндикке чыккандан кийин кызы менен бирге билдирүү жасады. Видео
RU

Равшан Жээнбеков эркиндикке чыккандан кийин кызы менен бирге билдирүү жасады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн эркиндикке чыккан саясатчы Равшан Жээнбеков үйүнөн кичүү кызы Айжандын жанына отуруп билдирүү жасады.

Анын тагдырына кабатыр болгондордун бардыгына ыраазычылык билдирди.

"Урматтуу мекендештер, менин колдоочуларым!

Мен бүгүн боштондукка чыктым. Эркиндик мен үчүн абдан маанилүү жана баалуу! Мени колдогондордун баарына, журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына, жарандык коомго, тарапташтарыма жана саясатчыларга, жылуу сөздөрүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Мен бүгүндөн баштап бошмун. Мына Айжан экөөбүз үйдө отурабыз. Баарыңарга рахмат!"- деди.

Эске салсак, өткөн соттук отурумда абактагы Жээнбековдун жактоочусу жаңы Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, соттук териштирүү учурунда айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында кармоого болбой турганын, эми тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков бошотулушу керектигин айткан.

Аны өтүнүч төрагалык кылуучу судья Азирет Медеровду канааттандырды.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча айыпталып, 1-СИЗОдо кармалган. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин ал бошотулуп, үй камагында болгон. Бирок, 2021-жылдын 5-августунда үй камагын бузгандыгы үчүн анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4947