Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды алды
RU

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык Люфти Заде олимпиадасына Кыргызстандан мектеп окуучулары катышты. Ал ушул жылдын 20-декабрынан 25-декабрына чейин онлайн режиминде өткөн. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиаданын жыйынтыгында математика боюнча төмөнкү окуучулар медалдарга ээ болушту:

  • Чыңгыз Айтматов "Сапат" атындагы лицейдин окуучусу Тилек Аскербеков - күмүш медаль.
  • Жайыл Баатыр атындагы "Сапат" лицейинин окуучусу Талгат Бактыбеков - коло медаль.
  • Федор Корнияш, Е.Б.Якира атындагы №61 жеке физика-математика мектеп-лицейинин окуучусу, - коло медаль.
  • Эльдар Искендер, "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу, - коло медаль.
  • Нуртилек Дүйшөбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы "Сапат" лицейинин окуучусу - коло медаль.

Олимпиадага окуучуларды "Газпром Кыргызстан" жана Улуу Британиянын Е.Б. Якира АФМШЛ №61 атындагы мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматова атындагы "Сапат" лицейдин математика мугалимдери даярдашты.

Олимпиаданын негизги максаты – мектеп окуучуларын азербайжандык көрүнүктүү окумуштуу Лутфи Заде жана анын илимге кошкон салымы менен тааныштыруу, ар кайсы өлкөлөрдүн таланттуу жаштарынын ортосунда достук мамилелерди түзүү, окуучулардын математика жана информатика сабактарын тереңдетип үйрөнүүгө кызыгуусун ойготуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4952