Колледждин студенттери башка диндин китептерин окууга мажбур. Милиция текшерип жатат
RU

Колледждин студенттери башка диндин китептерин окууга мажбур. Милиция текшерип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Шопоков атындагы окуу жайдын студенттери "башка диндин китептеринен мажбурлап окутуп жатышат" деген кайрылуу жасаган видео тарады.

Студенттердин айтымында, колледждин мугалимдери мажбурлап жатышат. Колледждин жетекчилиги бул китептерди окуудан баш тартса окуудан четтетилерин айтып коркуткан.

Белгилей кетчү нерсе кайрылуу контексти толугу менен ачык-айкын эмес: студенттер бул китептерди кандайдыр бир адистикте окууга мажбурлап жатабы же бул пландан тышкаркы программабы түшүндүрүшпөйт. Бирок, колледждин веб-сайтындагы маалыматтарга караганда, дин таануу же ушуга окшош адистик жок.

Окуучулардын коомчулукка кайрылуусуна байланыштуу тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатканын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Бул факты РИИБдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан катталып, алдын ала иликтөө иштери башталган.

"Иштин бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле комплекстүү иликтөө жүргүзүү үчүн Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат", - деп билдиришти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4972