Өспүрүм баланын мончодон зордукталышы. Алтайда болгонбу же башка жерденби?
RU

Өспүрүм баланын мончодон зордукталышы. Алтайда болгонбу же башка жерденби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин басма сөз кызматы социалдык тармактарда өспүрүм баланын мончодо зордукталышын көрсөткөн видео боюнча комментарий беришти.

Эске салсак, 24-январда, кыргыз сегментиндеги социалдык тармактарда өспүрүм баланын мончодо зордукталып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Видеодогулар кыргыз тилинде сүйлөшүп жатышат.

ИИМдин басма сөз кызматы инцидент Кыргызстанда эмес, башка жерде болду, видеонун өзү бир же эки жыл мурун пайда болуп, айыпталуучу жоопкерчиликке тартылган, деген маалыматты тараткан.

"КРдин ИИМи болгон окуяны тактоо максатында башка өлкөгө кат жөнөткөн. Бүгүн, 26-январда, жооп алынды. Анда 2020-жылдын 29-июлунда Интернеттеги социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, тагыраак айтканда WhatsApp'та жаш жигит башка белгисиз балага карата сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук иш аракеттерин жасап жаткандыгын Алтай республикасынын ИИМ кызматкерлери аныкташкан", - деп билдирүүдө жазылган.

Такталган маалыматка ылайык, 2019-жылдын август айында Алтай Республикасынын Кош-Агач айылында (2019-жылдын 1нен 10-августка чейин) жашы жете элек Р жашы жете элек Кга карата күч колдонуп жыныстык катнашка барган.

Бул факт боюнча Улаган район аралык тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, жашы жете элек Р камакка алынып, ИИБге жеткирилген. 2020-жылдын 31-декабрында айыптуу деген бүтүм менен кылмыш иши Кош-Агач райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 24.kg маалымат агенттиги Алтай крайынын полициясы менен байланышкан. Алар Алтай крайында эки жашы жете элек өспүрүмдөр зордукталгандыгы тууралу фактыны тастыкташкан. Бирок кыргыз сегментинде тараган видео менен аларда болгон кылмыш экөөнүн ортосунда байланыш жок экени белгилүү болгон.

Басым жасала турган факт, Алтай крайы жана Алтай республикасы - булар Россия Федерациясынын эки башка субъектилери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/500