Жаңы жылга караган түнү Кыргызстанда 265 бала төрөлдү
RU

Жаңы жылга караган түнү Кыргызстанда 265 бала төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн түнү Кыргызстанда 264 төрөт кабыл алынган, анын ичинде бирөөсү эки эм. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Ошондо жаңы жылга караган түнү Кыргызстанда 265 наристе жарык дүйнөгө келди. Анын 144тү эркек балдар, 121и кыздар.

2022-жылы туулган алгачкы кыргызстандык наристе Талас облусунда, саат 00:01де төрөлдү. Уул баланын салмагы 3,160 кг. Сузак районундагы төрөт үйүндө 00:05те дагы бир уул төрөлүп, анын салмагы 3,600кг.

Эң көп балдар Жалал-Абад облусунда туулду. Ал күнү облус боюнча 64 төрөт кабыл алынган. Бишкекте 56 бала төрөлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5013