Көп мамлекеттер Жаңы жылды карантин чектөөлөрү менен тосту
RU

Көп мамлекеттер Жаңы жылды карантин чектөөлөрү менен тосту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөнүн көп мамлекеттери коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу карантин чектөөлөрү менен 2022-жылды тосушту.

Афины, Лондон, Париж, Берлин жана башка шаарларда негизги жаңы жылдык иш-чараларда беткап тагынуу милдеттендирилип жана фейерверк аттырууга тыюу салынган. Парижде адамдар көчөдө да беткап тагынып жүрүүгө тийиш. Канаданын Квебек шаарында коменданттык саат киргизилип, майрамдык шаан-шөкөттөр өтпөй калды.

Москванын жашоочулары жаңы жылды эч кандай олуттуу чектөөлөрү жок эле тосушту. Дубайда дагы коронавирус жайылып жактанына карабай эң бийик имараттан фейерверк атылып, лазердик шоу көрсөтүлдү.

Нью-Йорктун Таймс-сквериндеги жаңы жылдык шоуну көргөндөрдүн санына чектөө киргизилип, эмделген 15 миң адамдын чогулуусуна гана уруксат берилди. Бул пандемияга чейинки сандарга караганда кыйла аз.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5016