Асман шаарын Тимур Файзиев курат. Видео
RU

Асман шаарын Тимур Файзиев курат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Elite House курулуш компаниясынын мурдагы башкы директору Тимур Файзиев Асман шаарына долбоордун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкер Instagram баракчасына жарыялаган.

Анын айтымында, план боюнча шаар жарым миллион кишиге эсептелген. Бирок, дагы көбөйүп, бир миллион кишиге өсөт деп күтүлүүдө. Долбоорго бир нече инвесторлор тартылып, алар менен тыгыз иштешип жатышканын айтат. Тимур Файзиев бул инвесторлордун аты-жөнүн ачыктаган жок.

"Сөз 10-20 миллиард доллар жөнүндө болуп жатат", - деди Тимур Файзиев "Асман" долбоорунун баасы тууралуу.

Ал ошондой эле өлкө бийлиги ар кандай башка долбоорлорго да 100 миллиард доллар тартып жатканын кошумчалады. Кайсы долбоорлор боюнча экенин да айткан жок.

Шаардын курулушу ушул жылдын жаз айларында башталат. Файзиевдин айтымында, курулуш болжол менен беш-сегиз жылга эсептелген.

Эске салсак, өткөн жылдын май айынын аягында Тимур Файзиев Бишкектен жер тилкелерин алуудагы коррупцияга, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга шериктеш болгон деп шектелип жатканы белгилүү болгон. 27-май күнү кечинде Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алган.

Кийинчерээк СИЗО-1ге камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлгөн. Файзиев мамлекетке 2 млн. сом төлөп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5032