Садыр Жапаровдун карындашы кымбат күрмөсү тууралуу үн катты
RU

Садыр Жапаровдун карындашы кымбат күрмөсү тууралуу үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчынын карындашы Лазат Нуркожоева Садыр Жапаровдун кымбат баалуу курткаларды тууралуу сөздөргө токтолду. Аны жактоо максатындагы билдирүүлөрдү Лазат Instagram баракчасына жарыяланган.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарованын эс алуу күндөрү Каракол лыжа базасында Германиянын Toni Sailer брендинин кымбат баалуу лыжа курткаларын кийип жүргөнү тууралуу сөз болгон.

Лазат Нуркожоева "Бирөөнү айыптоодон, сөз кылуудан мурун анын көлөчүн кийип, басып өткөн жолунан басып өтүү керек. Ошондон кийин гана кантип жашоо керектигин үйрөт" деп жазган. Андан сырткары "Керексиз сөздөн тыйылуу акылмандыктын жемишин берет" деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5033