Эдил Байсалов Казакстандагы окуя боюнча: Акылдуу жетекчилик бардык маселелерди чечет
RU

Эдил Байсалов Казакстандагы окуя боюнча: Акылдуу жетекчилик бардык маселелерди чечет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коңшу Казакстандагы окуяларга комментарий берди.

Ал казак бийлиги кырдаалды тез арада жөнгө салат деп ишенет.

"Биз Казакстандагы окуяларга байланыштуу эч кандай кошумча чаралар жөнүндө сөз кылган жокпуз. Алар бизге эң жакын боордош эл жана коңшу мамлекеттин акылман жетекчилиги алдында турган бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө кудуреттүү экенине кымындай да шек жок", - деп жазган Байсалов.

Белгилей кетсек, Байсалов коңшу Казакстандагы окуяларга Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнөн жалгыз реакция жасаган.

Эске сала кетсек, Казакстанда бир нече күндөн бери массалык нааразылык акциялары уланууда. Казакстандын батышындагы Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында жекшембиде суюлтулган газдын кымбатташына каршы башталган митингдер өлкө боюнча нааразылык акцияларына чейин жетти. Президент Алматы, Нур-Султан жана Мангистау облустарында 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Өкмөт отставкага кетти. Ошого карабастан өлкө боюнча нааразылык акциялары уланууда. Азырынча эң олуттуу жоготуулар жана кагылышуулар Алматыда болууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5050