Чөгөлөп, аскерлерден кечирим сураш керек. Лукашенко Казакстан боюнча билдирүү жасады
RU

Чөгөлөп, аскерлерден кечирим сураш керек. Лукашенко Казакстан боюнча билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ал казакстандыктарга мындай деп кайрылды: "Митингчилерге кайрылгым келет. Бул иш алыска улай электе бир бүтүмгө келиш керек. Президент Токаев менен келишим түзсө болот. Ал кадимки адам, дипломат. Казакстандыктар мындан башка мамлекет болбой турганын түшүнүшсүн. Эгер мамлекетти төңкөрүп салышса, аны калыбына келтирүү кымбатка турат. Кландардын, топтордун ортосунда карама-каршылык бар. Бирок, бир бүтүмгө келиши абзел",- деди ал.

"Мындай абалда, элдик сөз менен айтканда, чөгөлөп, аскерлерден кечирим суроо туура. Өз мамлекетин курууну каалагандар Токаев менен биргеликте, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө жакшы болмок. Биз үчүн да сабак болду. Ушундай болуп кетиши мүмкүн экенин билдик. Кеп биз ынтымактуу белорустар экендигибизде эмес. Беларусияда маселелерди белорустар чепей да калышы мүмкүн", -дейт Лукашенко.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5068